Жаңы окуу жылына – жаңы күчтѳр менен!

Жаңы окуу жылына – жаңы күчтѳр менен!

Ушул учурда, Куралдуу Күчтѳрүнүн ар бир аскер бѳлүктѳрүндѳ, мекемелеринде 2018-окуу жылынын кышкы мезгилинин башталышына байланыштуу митинг ѳткѳрүлѳт.

Андыктан, 2018-жылдын 3-декабрында Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Советтер Союзунун Баатыры генерал-лейтенант Калыйнур Усенбеков атындагы Аскер институтунда  митинг белгиленип ѳттү.

Аталган митингге Аскер институтунун башчысы полковник Руслан Шаршембиев, КР Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитетинин билим берүү башкармалыгынын башчысы полковник Талгат Саалаев жана Аскер институтунун ѳздүк курамы катышты.

Полковник Р.Шаршембиев 2018-окуу жылынын кышкы мезгилинин башталышы менен куттуктап: Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Башкы штабынын башчысы тарабынан жаңы окуу жылына байланыштуу бөлүктөрдүн күжүрмөн даярдыгы, ыкчам жана күжүрмөн даярдыктын деңгээлин көтөрүү, аскердик тартипти бекемдөө боюнча тапшырма коюлганын билдирип, жогоруда коюлган милдеттер  Аскер институттунун өздүк курамы менен  өз убагында  ишке аша тургандыгын белгиледи. Ошондой эле полковник Т.Саалаев Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтѳрүнүн Коргоо иштери боюнча Мамлекеттик комитеттинин жетекчилигинин атынан жана жеке ѳзүнүн атынан куттуктоо сѳздѳрүн билдирди. Митинг Аскер институтунун ѳздүк курамынын салтанттуу жүрүшү менен аяктады.

Назик Сооронбаева

Добавить комментарий