Жаш курсанттардын салтанаттуу аземи

 

Жаш курсанттардын салтанаттуу аземи

Үcтүбүздөгү жылдын 25-августунда Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Советтер Союзунун Баатыры генерал — лейтенант Калыйнур Усенбеков атындагы Аскер институтунуна өткөн жаш курсанттардын Мекен алдында аскердик ант берүүcүнѳ байланышкан  салтанаттуу аземи ѳткѳрүлдү. Аз убакыттын ичинде Аскер уставынын жол жоболорун жаттап, аскердик тартиби жана  жоокердик турмуш менен жакындан таанышышкан жаш курсанттар Мекен алдындагы ыйык милдетти аткарууга кадам таштап, жаш жоокерлер курсун ийгиликтүү аякташып, Аскердик ант берүү күнү да келип жетти.

Салтанатуу аземге Аскер институтунун жетекчилиги, Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн ардагерлери, Аскер институтунун  өздүк курамы, курсанттардын ата — энелери, бир туугандары жана жакындары катышышты. Аскердик ант берүү учурунда жаш курсанттардын  ата-энелери жана кадырлуу коноктор толкундануу менен күбѳ болуп турушту. Аскер институтунун башчысы полковник Артур  Темиров  куттуктоо сѳзүндѳ: «Кыргызстандын коомчулугунун ишенимин ак аткарып, күндөлүк турмушта туруктуулуктун, сабырдуулуктун үлгүсүн көрсөтүп, саясаттын кырдаалдарында эрдиктин жана кайраттуулуктун азаматтары болооруңарга, ишенемин. Бекем ден соолук, үй-бүлөөлүк бакыт, аскердик жашоодо ийгиликтерге жетишиңерге тилектешмин» — деди.  Ал эми жаңы ант берген курсант Кубанычбек Кадыровго курсанттардын атынан сѳз берилгенде, — «Аскер институтунун ѳздүк курамына, командирлерибизге жана ата-энелерибизге жаш курсанттардын атынан ыраазычылык билдирүү менен, берген антыбызга бекем турабыз деп ишендирем»,- деди кѳпчүлүктүн атынан.

Мекен- эне мээримиңе

бѳлѳгѳн,

Мекен — ата кулатпастан

жѳлѳгѳн,

Мекен — сенсиң!

Мекен- менмин!

Мекен — биз!

Биз Мекенсиз билип койгун

эч кимбиз!

 

Биздин бактыбыз болгон ыйык Мекенибиз тынч, асманыбыз ачык болсун! — деп куттуктоо сѳзүн аяктады. Бул салтанттуу аземге катышкан Зейнеп Дыйканбаева небереси жаш курсант Тыныстан Асангазиевдин  жакшылыгына Ыссык-Кѳл областынын  Жети-Огуз районундагы Кытай айлынан келгенин айттып кубанычы менен бѳлүштү. — «Ант берүү аземине катышып отурабыз. Мекенди коргоо ыйык милдет деп айтылгандай эркек бала болгондон кийин эли-жерин коргосун дедик. Неберем  кичинесинде эле чоң атасы  Байдылда Сарногоевдин ыр саптарын жатка айтчу эле. Анда:

«Толкун болот деңиздин

күчтүү жери,

Толкундай бол кыргыздын

жигиттери!

Токсон тогуз ѳнѳрдүн ээси

бол деп,

Тоолук эне тѳрѳгѳн сени,

мени.

Чоку болот тоолордун

бийик жери,

Чокудай болгон кыргыздын

жигиттери!

Чок кармаган кол менен

баатыр бол, деп,

Чоң атабыз үйрѳткѳн сени, — мени», — деп чоң атасынын үйрѳткѳнү сѳз боюнча калган жок. Бүгүн ант берүү аземине күбѳбүз.   Элге жерге тынчтык болуп, эл үчүн, Мекен үчүн кызмат кылган, жакшынакай ак жүрѳк балдардан болушун тилейм, — деди. Эскерте кетсек, бир апта мурда 18 — августта  Аскер институтунда чет өлкөлөрдөгү жогорку аскер окуу жайларына тандалып алынган курсанттардын ант берүү аземи белгиленип өткѳн. Алар 60 тан ашуун жаш курсанттар Россия, Казакстан, Азербайджан, Туркия жана Кытай мамлекеттерине жогорку аскердик билим алуу үчүн сапар алышты. Жүздөгөн жигиттердин арасында Даниярова Рината жана Мамытова Бактыгүл Мекенин коргоо үчүн аскердик ант беришти. Назик кыздар, ошол эле учурда күжүрмөн максаттуу жаш курсант кыздар башталгыч аскердик курсун ийгиликтүү аяктап, Кытай өлкөсүнө аскердик медициналык билим алууга аттанышты. Ошентип калоо тилектер айтылып, Ант берүү аземи белгилүү эстрада жылдыздары, Аскер институтунун чыгармачылык жамааты тарабынан уюштурулган бийик деңгээлдеги концерт менен коштолуп турду.

 

Назик Сооронбаева

 

 

Добавить комментарий