Жаш жоокерлер мекенди коргоого дайым даяр

 Жаш жоокерлер мекенди коргоого дайым даяр 

  2018-жылды н 2-ноябрында  Аскер институтунун  Окуу процессинин камсыздоо батальонунуна Ош областынын аймактарынан  1-жылдык аскер кызматтын ѳтѳѳгѳ, Мекен алдында ыйык милдетин аткарууга 30дан ашуун жаш  жоокерлер келишти. Ага карата Аскер институтунун саптык плацында жаңы келген жаш жоокерлерди тоcуп алуу аземи болуп ѳттү. Аталган аземге Аскер институтунун башчысы полковник Руслан Шаршембиев  жана бүткүл  ѳздүк курам катышты.

               Иш-чаранын жүрүшүндѳ полковник Р.Шаршембиев жаш жоокерлерди Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтѳрүнүн армиясынын катарын толуктоосу менен куттуктап, Аскер бѳлүктүн баскан жолу жана баатырлары күжүрмѳн сыйлыктары милдеттери, жоопкерчилиги жѳнүндѳ айттып кетти. Иш-чара сапттык плацта Аскер институтунун ѳздүк курамынын  салтанаттуу жүрүшү менен аяктап, жаш жоокерлерге Аскер институтунун  ашканасында майрамдык тамак уюштурулду.

 

Назик Сооронбаева

Добавить комментарий