Жеңиш ырларынын өчпөс нуру

Жеңиш ырларынын өчпөс нуру

Ушул  жылдын  30-апрелинде Аскер институтунда курсанттар арасында «Жеңиш ырларынын өчпөс нуру» аттуу конкурс белгиленип өттү. Конкурс Аскер институтунун мамлекеттик жана чет тилдер кафедрасынын жамааты аркылуу уюштурулуп, 1-курстун курсанттары Улуу Ата Мекендик согуш тууралуу ырлардан көркөм окуу боюнча ат салышты.

Атайын түзүлгөн калыстар тобу, курсанттардын ырларды көркөм окуудагы жөндөмүнө, эс тутумуна, дикциясына, ички сезимди берүүсү жана кубултуп окуусуна көңүл бурушту. Жыйынтыгында мыкты деп табылган курсанттарга грамоталар тапшырылды. Ал эми мыкты көркөм окуган жеңүүчүлөрдөн болуп, 14-взводдун курсанты Жангир Юсупов 1 орунду ээлеп, жеңишке ээ болду. Аталган иш-чарага мыкты курсанттарды даярдаган мамлекеттик жана чет тилдер кафедрасынын орус тили  мугалими  доцент Гритчина Ольга Юрьевнанын салымы зор.  Анткени ал жаш мекен коргоочуларды поэзия дүйнөсү менен тааныштырды жана мындан ары дагы курсанттардын бул тармакта өнүгүүсүнө өбөлгө түздү.

Улуу Жеңиш майрамында мекен коргоочуларга  бейпилдикти, мамлекетибиздин бүтүндүгүн сактоодо мекенчилдикти, элди-жерди сүйүүнү жана эрдикти каалайбыз. Алардын чыдамкайлыктын үлгүсүн көрсөтүүчү ата-бабаларыбыздын жолун жолдогон жоокерлерден болушуна  тилектешбиз.

Назик Сооронбаева

 

Добавить комментарий