Жыйын сынагы жана жыл алкагында

          Майор Ормонов Асан Бегмаматович жетектеген 1-курстун өздүк курамы аскер окуу жайындагы алгачкы окуу жылын ийгиликтүү аяктап, 2-курска кадам таштап турган учур. Аталган курстун курсанттары алгачкы келген күндөн тартып өзүлөрүнүн аракетчил жана уюштуруучулук жөндөмдөрүн көрсөтүп, жыл алкагында натыйжалуу жыйынтыктарды көрсөтө алышты.

Токтоло кетсек, 2017-2018-окуу жылы башталаары менен эле курсант Султанов Бектур бир гана окуу жайдын эмес, бүтүндөн  Кыргыз элинин сыймыгына татыктуу болуп, элибиздин желегин  Корея өлкөсүндө бийик желбиретип, таекван-до боюнча күмүш медалды тагынса, окуу жылдын аягында спортчу курсанттар Камбаралиев Абдималик менен Кадырбеков Эржан Санкт-Петербург шаарында КМШга мүчөмамлекеттердин аскер-кызматкерлеринин салттуу-спорттук оюнуна катышып, такшалып кайтышты. Мындан сырткары курсант Абдувапов, Мукашев сыяктуу спортчулар республикалык деңгээлдеги жана Куралдуу Күчтөрдүн арасындагы спорттук иш чараларда татыктуу орундарга ээ боло алышты.

Курстун ийгилиги мунун менен гана чектелбейт. Аскер институтунун коомдук-маданий иштерине активдүү катышып, жогорку окуу жайлар арасында болуп өткөн интеллектуалдык сынактарда жана ар кандай мелдештерде, ошондой эле олимпиадаларда Советов Сагынбек, Нургазы уулу Талгат, Муратбеков Канат, Турдуахунбек уулу Шермамат мыкты интеллектуалдык деңгээлдерин жана татыктуу билимдерин көрсөтө алышты.

Баса белгилей кетүүчү дагы бир нерсе, былтыркы жылдын жай мезгилинде окуу жайына кабыл алынып, жаш жоокерлер курсунан өткөн татыктуу курсанттар, бир жылдан соң 2018-жылы кабыл алынган жаш курсанттарга взвод башчысынгын орун басарынын милдетин аткаруу менен, жаш жоокерлер курсундагы жыйында өзүлөрүнүн мыкты билимдерин, татыктуу күжүрмөн даярдыктарын жана башкаруу жөндөмдөрүн көрсөтө алышты. Алар: чет өлкөлөрдөгү аскер окуу жайларына тапшырган курсанттар менен иш алып барган Аджигалиев Нурбек, Өмүрбек уулу Усман жана курстун старшинасын милдетин кенже сержант Качикеев Кайсар аткарды.

-Чет өлкөгө тапшырган курсанттардын арасында дээрлик көпчүлүгү аскер кызматкерлери болду. Алардын арасында бизден бир кыйла тажрыйбалуу контрактык келишимде кызмат өтөгөн прапорщиктер, сержанттар бар эле. Бирок,  биз жыйынды жогорку деңгээлде өткөрүү үчүн бардык билимибизди жана аракетибизди аяган жокпуз. Негизинен чет өлкөлөрдөгү аскер окуу жайларына тапшырган курсанттардын жыйынын татыктуу өткөрдүк десем болот. Анткени, жетекчилик жана жыйын башчысы тарабынан эч кандай эскертүүлөр алып, кемчилик уккан жокпуз. Бул биздин Аскер институтунан алган мыкты билим-тарбиябыз деп билебиз – дейт кенже сержант К.Качикеев.

Ал эми өзүбүздүн Аскер институтуна тапшырган курсанттардын жыйынында Дүйшөналы уулу Азис, Шерматов Баястан, Зайнабидин уулу Нурдин жана Эсенгул уулу Эгемберди өз милдеттерин кынтыксыз аткара алышты. 13-окуу взводунун башчысынын орун басары, 2-курстун курсанты Б.Шерматов өз сөзүндө төмөнкүлөргө токтолду:

— Биз жаш жоокерлер курсунун курсанттары менен аскер Уставы, ыкмалары жана тартибин үйрөтүү менен гана чектелбестен, ар бири менен жакындан баарлашып, сырдашып жакын достордон, ага-инилерден болуп кеттик. Чет өлкөлөрдөгү аскер окуу жайларына тапшырган курсанттардан айырмаланып, биздин жыйындын балдары менен алдыда дагы 3-4 жыл бирге билим алып, коомдук-маданий жана спорттук иш чараларга бирге катышат эмеспизби. Андыктан, биз жыйындагы өзүбүзгө тийиштүү милдетибизди гана аткарбастан, аларга үлгү болуп, моралдык-психологиялык жардам көрсөтүү милдетибиз деп ойлоймун.

Назик Сооронбаева

Добавить комментарий