Комплекстүү тактикалык сабактар

Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Аскер институтунун окуу планынын негизинде 2021-жылдын 22-27 февралында аталган аскердик окуу жайдын базасында 4-курстун курсанттары менен Комплекстүү тактикалык сабактар болуп өттү. Бул сабактардын негизги максаты курсанттардын тактикалык даярдыгын жана талаа үйрөнүүсүн жогорулатуу, алардын азыркы учурдагы жалпы аскердик урушту уюштуруудагы жана алып баруудагы билимин, жөңдөмдөрүн шыктандыруу ошондой эле КР КК Аскер институтунун офицерлеринин методикалык чеберчиликтерин өркүндөтүү болуп эсептелди. Комплекстүү тактикалык сабактардын жетекчиси полковник Чойбеков Урустам Нуркамилович, жардамчысы запастагы полковник Калканбаев Н.Ж. жана КР Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматынын квалификацияны жогорулатуу борборунун башчысынын кеӊешчиси полковник Коломиец К.В. мол тажырыйбалары менен бөлүшүп, курсанттардын билим деӊгеелин сынай алышты. Сабактардын жыйынтыгында Аскер институтунун башчысы полковник Шаршембиев Руслан Ырсалиевичтин атынан эн мыкты катышкан курсанттарга  грамоталар тапшырылып, алкыштар жарыяланды.

Leave a Reply